• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Республика» партиясынын тарапташы өлтүрүлгөнү айтылууда

1 Тогуздун айы 2020 16:47 Бишкек Govori.TV


Үгүт иштери башталгандан бери өлкөнүн айрым аймактарында партиянын тарапташтарын моралдык жана физикалык кысымга алуу, сабоо жана өлтүрүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу «Республика» партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арстан Туржанов кабарлады.

Арстан Туржановдун атынан таратылган кайрылууда 2020-жылдын 29-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районунда партиянын тарапкери Замир Ормон уулу өлтүрүлгөнү айтылат. Алдын ала маалымат боюнча бычактан алган жаракаттан каза болгон.

“Учурда укук коргоо органдары окуяны иликтеп жатышат, бул жорук талаптагыдай туура иликтенбей, мамлекеттик компетенттүү органдар тарабынан үй-бүлөлүк кылмыш катары гана көрсөтүлөт деген кооптонуу бар”, -деп айтылат билдирүүдө.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы чырдын шайлоого тиешеси жок экенин маалымдаган.

«29-сентябрдын түнү алкоголдук ичимдик ичкен эки адам эски пикир келишпестигин эстеп уруша кетишкенин, жанындагылар ажыратып жетишкенче алардын бири экинчисин учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып жиберген»,-деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда бул иш боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. Киши өлтүрүү боюнча шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген.

Эске салсак, 29-сентябрда Өзгөндө катталган эки кишинин мушташында бирөө каза болгон. Интернетте тараган маалыматтарда шайлоого катышып жаткан эки партиянын эки үгүтчүсү пикир келишпестиктен улам мушташып кеткени кабарланган.

Андан тышкары, Чүй облусунун Панфилов району боюнча «Республика» партиясынын штабынын башчысы Д.Б. Болотовго башка саясий партиясынын өкүлү ачык кысым көрсөткөндүгү айтылат.

Нарын районунун Алыш айылында «Республика» партиясынын дагы бир агитатору сабалган. Жабыр тарткандын айтымында, аны «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү сабап, ооруканага түшкөн.

Сабоо фактылары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 395