• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Республика» шайлоодон жеңсе, премьерликке Бабанов сунушталат

30 Аяк оона 202022:54 Бишкек Govori.TV

«Республика» партиясы парламенттик шайлоодон жеңип чыкса, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин сунуштайт. Бул тууралуу партия лидери Мирлан Жээнчороев КТРКдагы дебат учурунда билдирди.

«Ал премьер-министр болуп турганда өлкө боюнча 91 мектеп курулган, ИДП өскөн. 44 өлкө менен болгон виза алынып салынган», — деди ал.

Эске салсак, Бабанов саясаттан кеткенин жар салып, партия лидерлигин тапшырып берген. 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын сентябрына чейин өкмөт башчы болгон.

Количество просмотров: 663