• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Республика» шайлоонун баштапкы жыйынтыгы күмөндүү деп эсептейт

4 Тогуздун айы 202023:50 Бишкек Govori.TV

«Республика» партиясынын өкүлдөрү 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы күмөндүү деп эсептейт. Бул тууралуу алар журналисттер менен болгон жолугушуусунда айтышты.

Алар шайлоодо мыйзам бузуулар орун алганын айтышты. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы күмөндүү экенин, партия аны тааныйбы же жокпу бардык добушканалардан протоколдор келип, акыркы маалымат чыккандан кийин жарыялай турганын билдиришти.

«Эбегейсиз, массалык түрдө акча таратуу боюнча фактыларды айтып атышат. Алардын баарын БШК менен укук коргоо органдарына жиберебиз», — деди Жээнчороев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына караганда, бүгүнкү парламенттик шайлоодо ат салышкан 16 партиянын төртөө гана босого чектен өтүштү.

“Биримдик” партиясы добуштардын 24,53%, “Мекеним Кыргызстан” 23,9%, “Кыргызстан” 8,74%, “Бүтүн Кыргызстан” 7,09% алып, жети пайыздык босогодон өттү. “Мекенчил” партиясында добуштардын 6,85%, “Республикада” 5,81%, “Ата-Мекенде” 4,04%, “Ыйман нурунда” 3,35%, “Бир Болдо” 3,03%, “Чоң казатта” 2,33%, “Замандашта” 2,15%, “Социал-демократтарда” 2,12%, “Реформада” 1,63%, “Мекен ынтымагында” 0,63%, “Ордодо” 0,22% жана “Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында” 0,17%. Добуш бергендердин 1,8% баарына каршы добуш беришкен.

Количество просмотров: 89