Республикалык ыкчам штабдын иштерин мындан ары биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жетектейт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.
«Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күзгү-кышкы мезгилине карата комплексттүү даярдык чараларын ишке ашырууга тийиш, бул ооруп калгандардын санынын көбөйүшүнө медициналык мекемелердин жана экономикалык ишмердиктин ар кандай багыттагы иштерине да даяр болушуна тиешелүү», — дейт Боронов.
Белгилей кетсек, буга чейин Республикалык штабды Боронов биринчи вице-премьер-министр кезинде өзү жетектеп келген.