Москвада өткөн жаш аткаруучулардын эл аралык «Романсиада» сынагында баш байгени Кыргызстандык опера ырчысы Улан Асамидинов жеңип алды. Бул тууралуу сынактын расмий сайты кабарлады.
Аталган сынакка Кыргызстан, Польша, Македония, Болгария, Өзбекстан, Украина, Казакстан, Сербия менен Орусиядан 12 аткаруучу катышты. Финал 17-декабрда өттү.
Ал эми сынактын тандоо туру бир жыл бою түрдүү мамлекеттерде жүргөн. Ага 300дөй адам катышып, 12 аткаруучу финалга чыккан.
Белгилей кетсек, 26 жаштагы Улан Асамидинов — Бишкектеги Опера жана балет театрынын солисти.