• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Россия “Вагнер” аскердик компаниясынын алты жалданма жоокерине издөө жарыялады. Арасында кыргызстандык бар

2 Үчтүн айы 2023 10:49 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Ички иштер министрлиги “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын Украинадан аннексияланган Луганск облусундагы машыгуу лагеринен качып кеткен алты жалданма жоокерине издөө жарыялады. Алар буга чейин Орусиянын абактарында жаткандар болгону айтылууда.

Donday басылмасы жазгандай, алар алар кыргыз, беларус, орус жана үч өзбек жараны болгон. Басылма соттолгондор 21-22-декабрда качканын жазып, алардын аты-жөнүн тактаган эмес. Качкандар куралчан экени кабарланды.

Украинада Орусиянын армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Соттолуучуларды азгыруу иштерин бул компаниянын негиздөөчү катары таанымал Евгений Пригожин өзү баш болуп жүргүзүп жатканы тартылган видеолор жарыяланган.

“Вагнер” тобунун негиздөөчүсү жана демөөрчүсү олигарх Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын экенин өзү ырастаган.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” — Вагнердин жеке аскердик компаниясы) – компаниясы орусиялык бейрасмий аскердик түзүм. Ал аскердик мекемелердин балансында жана юридикалык жактардын реестринде бар. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. Топтун жоокерлери бир катар аскердик кылмыштарга шек саналып жүрөт.

Кыргызстан Украинадагы согушта нейтралдуу позицияда экенин кайталап келет. Ал согушка катышкан жарандарга мыйзамда катаал жазалар каралганын бир нече жолу эскерткен.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 815