• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Россияда жол кырсыгынан кыргызстандык 5 жаран каза болду

23 Үчтүн айы 2020 10:16 Бишкек Govori.TV

Россиянын Челябинск—Троиц унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен кыргызстандык 5 жаран каза болду. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-январда саат 20:00 чамасында Троиц муниципалдык районунун Карсы айылына жакын аймакта болгон. Болжолдуу маалымат боюнча, аба ырайы туруксуз болгондуктан Кыргызстандын номуру тагылган «Хонда Одиссей» каршы тилкеге чыгып, Казакстандан келе жаткан «КамАЗ» менен кагышкан.

«Жол кырсыктын кесепетинен «Хонданын» жүргүнчүлөрү — 5 эркек адам каза болду. Чоң унаанын 33 жаштагы айдоочусу жабыркаган жок. Азырынча каза болгондордун өздүгү аныктала элек», — деп жазды басылма.

Количество просмотров: 2221