• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Роза Отунбаева: Баш мыйзам жер төлөөдө эмес, ачык жазылышы керек

20 Жетинин айы 2020 13:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте Конституциянын жаңы редакциясы боюнча мыйзам долбоорун талкуулаган «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген жарандык коомдун жыйыны өттү. Анда экс-президент Роза Отунбаева Баш мыйзамдын жаңы сунушталып жаткан долбоору боюнча пикирин айтты.

Анын айтымында, Конституцияны элдин арасынан суурулуп чыккан 300 миң адам же Жогорку Кеңеш демилегелей алат.

«Баш мыйзамдын жаңы редакциясы авторитардык режимди орнотууга багытталган текст болуп жатат. Жаңы Конституциянын долбооруна карата мөндүрдөй жааган критикадан кийин бийликтин Конституциялык кеңешме түзөбүз деген ойлору болуп жатыптыр. Бирок ага эмнегедир билимдүү, жаш юристтерди чакырышкан жок. Биздин каалообуз Конституция өзгөртүлсө, сабаттуу, заманбап укукка ыкталган болсо. Баш мыйзам жер төлөөдө эмес, ачык жазылышы керек. Азыр автору белгисиз болуп жатат. Конституция дегенди элдин арасынан суурулуп чыккан 300 миң адам же Жогорку Кеңеш демилегелей алат. Ал эми парламентте 80 депутаттын бир нечеси аталган мыйзам ишке кирсин деп кол койбогонун айтып жатышат. Айрымдары толук таанышпай эле макулдугун беришкен. Анан кантип ушул Конституцияны колдонобу?»,-деди Отунбаева.

Ошондой эле Отунбаева учурда эл аралык коомчулук Кыргызстанга көз салып жатканына эскертип, алардын колдоосунан кур жалак калуу коркунучу бар экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 238