• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сөөгү 4 айдан кийин табылып… Чүйдө оор кылмыштын бети ачылды

3 Бирдин айы 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Чүйдө оор кылмыштын бетин ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 21-ноябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Таш-Башат айылынын аймагында, денесинде ар кандай жаракаттары бар, жерге көмүлгөн болжол менен 45-50 жаштагы белгисиз адамдын сөөгү табылган.

Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен өлүктү кароо учурунда, денесинен көптөгөн бычактан жаракат алгандыгы аныкталган.

Бул факты Ысык-Ата РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

«Бир катар ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталып, анын 1974-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Ал Бишкек шаардык Октябрь РИИБи тарабынан 2022-жылдын 18-октябрынан бери изделип жатканы аныкталган. Кылмыш ишине шектүү катары 1997-жылы туулган жаран аныкталып, кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш мүлк талашуудан улам келип чыкканы аныкталган.
Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 514