Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн брифинг учурунда коронавирус инфекциясына байланыштуу өлкөдөгү эпидиомологиялык кырдаал дагы эле курч экенин айтты.
Анын айтымында, жаңы жугузуулар азайганы менен коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу жогору бойдон калууда.
«Шайлоого байланыштуу үгүт иштери башталды. Эл көп топтолгон жерлерден оолак болуп, маска тагынып, антисептиктерди колдонууну эскертебиз», — дейт Нурболот Үсөнбаев.
Министрдин орун басарынын айтымында, учурда ооруканада 1 миң 948 адам дарыланууда. Алардын ичинен 516 бейтаптын абалы оор, 86 өтө оор.