Нарын облусунда Укук коргоо органдарынын кызматкерлери илдетти массалык түрдө жуктуруп алып, облустук ички иштер башкармалыгынын мекемеси карантинге жабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 11-майда болгон брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Ал жакта илдетти жуктуруп алган милиция кызматкерлери обсервацияга жаткырылып, ордуна борбордон башка кызматкерлер барган. Ал эми медицина кызматкерлеринин арасында инфекция катталган учурлар болгон, бирок алардын көбү азыр жумуштарына кайтышкан», — деди Үсөнбаев.