Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Эртең мененки саат 8:00дө өлкө аймагындагы шайлоо участкалары ишин баштады.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги №5 компьютердик гимназияга жайгашкан шайлоо участогуна келип добуш берди. Ал добушун берип жаткан учурда шайлоо тилкесине башка шайлоочулар ктргизилген жок.


Премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1105 шайлоо участкасында добуш берди. Ал өз добушун берип жатканда жарандар да киргизилип, эл менен чоогу кезек күтүп добуш берди.


Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков добушун Бишкекте жайгашкан 1050 шайлоо тилкесинде берди. Ал добуш берип жаткан учурда шайлоо участогундагы урна иштебей калган. БШКнын мүчөлөрү 10 мүнөттүн ичинде мүчүлүштүктү жоюп, урнанын иштөөсүн калыбына келтиришти. Төрага мүчүштүктөр оңдолгуча кезекте эл менен күтүп турду.


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов №1215 шайлоо участогунда, тактап айтканда Шубин атындагы музыкалык мектепте узун кезектин катарында туруп, өз добушун берди.

