• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сөз эркиндигине арналган митингге Өмүрбек Текебаев келди

29 Кулжа 2020 13:04 Бишкек Govori.TV

Уюштуруучулар бул Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоого багытталган тынч митинг экенин белгилешүүдө. Эркиндик гүлбагына чогулган митингчилер жөө жүрүш менен Жогорку Кеңештин алдына чейин барышмакчы.

Акция “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулган. Митингдин катышуучулары «Гүлшат, мандатты тапшыр!», «Фейк депутат» деген жазууларды көтөрүп турушат. Алар буга чейин аталган сейил бактан тартып парламент имаратынын алдына чейин жөө жүрүш уюштурула турганын билдиришкен.

Акцияга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев келип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал Кыргызстанда Интернет эркин жана чектелбеши керектигин айтып, президентти ага кол койбоого чакырды.

«Мен бул мыйзамга каршымын. Анткени Конституцияга ылайык, бүгүнкү саясий системдин негизинде саясий атаандаштык коюлган. Эгерде сөз эркиндиги болбосо, саясий атаандаштык болбойт. Бүгүнкү бийликтин жасап жаткан иши саясий атаандаштыкка сокку урат», — деди Текебаев.

Количество просмотров: 68