• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Сөздүн ачыгы жакшы». Жапаров 2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгарыбызды айтты

21 Тогуздун айы 2021 13:12 Бишкек Govori.TV

Кудай буюрса, 2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгабыз деп турабыз. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси учурунда айтты.

Анын айтымында, электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле импорттоп жаткан жокпуз.

«Эми учурда баарыбызды түйшөлткөн энергетика маселеси тууралуу. Сөздүн ачыгы жакшы. Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык, электр энергиясын берип жатышат. Биз электр энергияны кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле импорттоп жаткан жокпуз. 2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясы импорттолуп келет экен.  2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казынадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка жол берген жокмун. Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз. Менин тапшырмам менен энергетика министри элден “күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, “Токтогулдагы” суубузду сактап калалы” деп суранды. Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат. Биз электр кубатына гана пайдаланабыз. Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, “Токтогулдагы” суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра күзгө чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Ошондуктан алар да бизге электроэнергиядан, ун буудай, жана башка азык-түлүктөн жардам берип жатат. Алсак, кечээ жакында эле Казакстан 10 миң тонна ун жана башка азык-түлүктөн жардам беришти. Өзбекстан 3 миң тонна ун жана башка азык-түлүктөн жардам беришти. Биз өзүбүздү азык-түлүк менен толук камсыздай албайбыз. Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат. Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон 25 сомго чейин болгондо, башкача мамиле кылышмак! Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бюджеттик мекемелер тарабынан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүлөрү зарыл Ошондой эле бул багытта калк арасында да түшүндүрүү иштери  жүргүзүлүшү керек»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 210