• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

С. Жээнбеков: «Соттор адилет болмоюнча мамлекет өнүкпөйт»(видео)

17 Бугу 2018 18:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.05. 2018. Govori.TV

Соттор адилет иш жүргүзмөйүнчө,  мамлекет эч качан өнүкпөйт. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков соттук реформа боюнча кеңешменин жыйынында айтты.

Мында президент соттор кудайдан коркуп, жүрөгүнө ыйман болушу керек экендигин белгиледи.

«Соттор биринчи кудайдан коркуп, экинчиден адилет болушу керек. Сотторго «ыйман»-деген нерсени жүрөгүнө сиңирүү керек. Мында соттук адилеттик болмоюнча мамлекет өнүкпөйт. Ошондой эле мамлекеттик бийлик эч качан элдин ишеничине кире албайт. Эл ишенбейт жана андай бийликти колдобойт. Ал эми эл колдоп, мамлекеттин үч бийлик бутагы  иштеш үчүн адилеттик  болушу керек. Анан кийин гана иш жүрө баштайт»-деди Жээнбеков.

Мындан сырткары соттордун баары жаман эмес, соттордун жакшысы көп. Мына азыр ошол соттордун атын атай турган убакыт келди деди президент.

Количество просмотров: 34