• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Сабиров: Мас абалда машине башкаргандарга айыппулдун ошол бойдон калганы туура

25 Аяк оона 2019 16:43 Бишкек Govori.TV

Жол кыймылынын эрежелеринин бир канча түрүн бузуу боюнча салынган айыптын көлөмүн азайтуу туура. Бул пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров билдирди.

Өзүңөр көрүп жатасыңар шаар ичинде жол эрежесин бузса баасы миң сом ал эми шаардын четинде үч миң сомду түзөт. Мындай болбош керек. Бизде жумуш орундары көп болсо бир жөн. Шаар менен айыл жергесинде көпчүлүгү таксист болуп иштегендер. Алар күнүмдүк тапкан акчасын айыппулга төгүп берип жатышат. Ошондон улам нааразычылыктар жаралып жатат. Ал эми мас айдоочулар менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн унаа башкаруусу боюнча айыппул ошол бойдон калуусу туура,- деди депутат Сабиров.

Количество просмотров: 30