• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

«Сабыр сага жетет дедим». Министр Бейшеналиев агынан жарылды

3 Бирдин айы 2022 17:56 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөнүн Саламаттык сактоо тармагынын начар абалга кептелүүсүнүн себептери тууралуу айтып, алардын бири катары Жумабеков курган борбор болгонун билдирди.

«Ал 2004-жылы тааныштары аркылуу травматологияны бир жерге топтоп, борбор ачты. Мурда тез жардам ооруканасы бар болчу, Бишкек шаарында ооруп калган адам ошол жерге барчу, ал жерде баары бар эле, хирургия, травматология, кардиология… Азыркы кезде ал системаны Жумабеков жок кылгандан кийин, түндө тез жардам аркылуу келген бейтап Бишкекти бүт кыдырып чыгат. Биз бул системаны жок кылалы деп жатабыз. Мен ага бир жыл мурун эле «болду сага жетет» дегем. Ал ушуга чейин жетчү нерсенин баарына жетти», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Кийинчерээк министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган борборду кайра түзүүнү “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сүрөттөгөн. Себеби Сабырбек Жумабеков жогорку кызматтагы тааныштары аркылуу ал жердеги оорукананы жоюп, жок жерден эле аталган борборду түзүп, өзү кетпес жетекчи болуп алган деген.

Ага жооп берген Сабырбек Жумабеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мас абалында келип, ар нерсени айтып кетиптир деген.

Количество просмотров: 10209