Бул министр менен аягына чейин күрөшөм… Мындай пикирин Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.
Ал буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандарын туура эмес маалымат катары баалаган.
«Мен ушундай жамаатты таштап кетпейм, студенттерим, окуучуларым бар… Алардын алдыга койгон пландары чоң. Анан аларды таштап кетсем, алардын тагдыры эмне болот. Өзүбүздүн укугубузду коргоого аракет кылабыз», — деди Жумабеков.
Эске салсак, буга чейин Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Кийинчерээк министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган борборду кайра түзүүнү “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сүрөттөгөн. Себеби Сабырбек Жумабеков жогорку кызматтагы тааныштары аркылуу ал жердеги оорукананы жоюп, жок жерден эле аталган борборду түзүп, өзү кетпес жетекчи болуп алган деген.
Ага жооп берген Сабырбек Жумабеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мас абалында келип, ар нерсени айтып кетиптир деген.