• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Садыр Жапаров Астанага барат

10 Тогуздун айы 2022 15:59 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Астана шаарындагы бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат. Андан соң, 14-октябрда ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Россия” форматындагы 1-саммитке катышат.

Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, “Борбор Азия – Россия” форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Количество просмотров: 70