• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Садыр Жапаров: Бюджеттин кирешеси 50 млрд сомго көбөйөрү күтүлүүдө

1 Теке 2022 13:28 Бишкек Govori.TV

 Салык кызматкерлеринин ишмердигинин аркасында 2021-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесине 105,7 млрд сом келип түшсө, 2022-жылдын соңунда болжол менен 155,6 млрд сом жыйналары, же дээрлик 50 млрд сомго көбөйөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Өлкө башчысы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экономиканы көмүскөдөн чыгаруу керектигин айтып, буга байланыштуу фискалдык чөйрөдө реформа жүргүзүү аракети көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

«Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында, электрондук эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар, ККМ-онлайн, товарларды маркалоо, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, “Жыйынды пост” сыяктуу салыктык башкаруунун жаңы инструменттери толук кандуу киргизилгенден кийин экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу максатына жетебиз деп ойлойм. Биз экономикалык жана финансылык татаал шарттарга карабастан, өлкөнүн мамлекеттик бюджетине салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү менен туруктуулукка жетишүүбүз керек. Муну менен биз мамлекеттин социалдык-экономикалык программаларын аткаруу боюнча кепилдик берүүгө жетишебиз», — дейт президент.

Количество просмотров: 86