• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин куттуктады

6 Чын куран 2022 10:57 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады, — деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!
Кадырлуу машыктыруучулар жана мугалимдер!
Ардактуу спортсмендер!

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!

Спорт кайсы жерде, кайсы учурда болбосун, улуту, дини жана саясий көз карашы ар башка болгон адамдардын, дене тарбия менен спортко кайдыгер карабай, сергек жашоону көздөгөндөрдүн башын бириктирип, эл достугун арттырат.

Дегеле ден соолукка кам көрүп, машыгууну көндүмгө айлантуу баарыбызга күч-кубат, жарашыктуу келбет берип, сергек ой жүгүртүүгө өбөлгө болот. Адамдын эркин бүлөп, эр мүнөзүн калыптандырып, турмуштун ар кандай оош-кыйыштарына туруктуу болууга тарбиялайт.

Өлкөбүздүн эл аралык коомчулуктагы, дүйнөлүк алкактагы абыроюн көтөрүүдө спорт тармагынын өз орду бар. Биздин спортчуларыбыз көптөгөн эл аралык мелдештерде, анын ичинде Азия, Олимпиада, Паралимпиада оюндарында мамлекетибизди татыктуу таанытып, кыргыз туусун бийик желбиретип келе жатат.

Мындай демдүү, күчтүү, таланттуу спортчуларыбыздын катары арбып жаткан маалда спорттук инфраструктураны жакшыртууга, жогорку квалификациялуу адистерди, насаатчыларды жана мугалимдерди даярдоого абдан көңүл буруубуз кажет. Жашына жана кесибине карабастан, ар бир адам сүйүктүү спорту менен машыгуусуна шарт түзүүбүз маанилүү. Анткени, спорт алдыга койгон максаттарга өжөрлүк менен жетүүгө, кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөтөт.

Өзүңүздөр билгендей, көп сандаган атак-даңкка жеткен чемпиондорубуз Олимпке карай жолун жаштайынан машыгып, мектептердеги спорт секцияларынан тарбияланып башташкан. Албетте, Мекен сыймыктанган мындай азаматтарды тарбиялоодо, ийгиликтерди жаратууда спорт тармагындагы машыктыруучулардын тер төккөн мээнетин баса белгилеп айта кетүүбүз керек.

Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана албан-албан ийгиликтерди жарата беришиңиздерди каалайм!».

Количество просмотров: 106