Садыр Жапаров мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына келди. Бир аз мурдараак Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын бекитип берди. Азыр жалпы добуш берүү өтөт, спикер Канат Исаев билдиргендей жыйынга 83 депутат катышууда жана 8 депутаттын ишеним каты бар.