• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Садыр Жапаров эмгек өргүүсүнөн качан кайтары белгисиз…

12 Үчтүн айы 2022 10:14 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 10-январда эмгек өргүүсүнө чыкты. Бирок ал канчасында жумушка чыгары так көрсөтүлгөн эмес. Govori.TV мультимедиалык агенттиги мамлекет башчынын басма сөз кызматына 2 ирет байланышып, Жапаров кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн кайсы жакта өткөрүп жатат? деген суроого жооп ала алган жок. Буга чейин президент өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып, Министрлер кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен байланышта болору айтылган.

Жапаровдун бул эмгек өргүүсү тууралуу жетиштүү маалымат берилбегени коомчулукта түрдүү кептердин жаралуусуна себеп болду. Анткени Садыр Жапаров коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, социалдык тармактарда дагы активдүү экени маалым. Айрымдары президенттин саламаттыгына кабатыр болушууда.

Белгилей кетсек, экспресс-тест тапшыруунун жыйынтыгында өкмөт үйүндөгү айрым кызматкерлер коронавирус жуктурганы аныктылаган. Ошондой эле президенттин администрациясында дагы илдет жуктургандар бар экени айтылды.

Кошумчалай кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн аптада пневмония илдетине кабылып, Казакстандагы кырдаалга байланыштуу ишке чыгууга аргасыз болгон.

Кээ бирлери президенттин эс алууга кеткенин ЖККУнун жыйынына байланыштырууда.

Количество просмотров: 159