• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Садыр Жапаров: Эми Кыргызстанда мыйзамдын диктатурасы орнойт

11 Үчтүн айы 2021 17:37 Бишкек Govori.TV

Эми Кыргызстанда мыйзамдын диктатурасы орнойт. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда «Ала-Тоо» аянтында шайлоочуларына ыраазычылык билдирип жатып билдирди.
Жапаров элден туура эмес кетсе сындап, кеп-кеңешин берип туруусун суранды.

«Добуш берип шайлап койдук, мындан ары өзүң жалгыз кыла бер дебестен мага жардам берип туруңуздар. Бирок туура эмес иш кылбайбыз. Улуттук долбоор деңгээлинде иш баштайбызбы, кандай гана иш болбосун ачык болот. Кимде-ким эгер каршы чыга турган болсо, өкмөт үйүндө иш болуп турган жерге чакырып, ачык-айкын ар бир ишти көрсөтүүгө, алар менен талкуулоого даярбыз. Мындан ары көчө оппозициясы болбой, оппоненттер биздин кабинеттерге келип, оюн айтуусуна шарт түзүп беребиз. Мындан ары демократиялык негизде иш алып барабыз»-деди Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн борбордук аянтта президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жеңишин майрамдаган иш-чара өтүп, эстрада ырчылары ырдап жатышат.

Количество просмотров: 356