• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Садыр Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты

2 Баш оона 2022 16:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ирандагы суу ташкындарынын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Иран Ислам Республикасынын көптөгөн аймактарын нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары бүлгүнгө учуратып, адам курмандыктарына алып келгендиги тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жабыр тарткан жарандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Количество просмотров: 120