• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Садыр Жапаров: Карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес

27 Жетинин айы 2020 12:59 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчылык кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаров Конституциялык кеңешменин жыйынындагы орус тилинин макамы боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес.

«Кечээ Конституциялык кеңешменин бир мүчөсү Конституциядан орус тилдин официалдуу статусун алып салууну сунуштады. Бул сунуш туура эмес. Орус тили ООНдун трибунасында колдонулган алты тилдин бири болот. Мындан сырткары биз кылымдардан бери колдонуп келген, улуттардын байланышын бириктирген тил болуп саналат. Евразия өлкөлөрү менен болгон байланышта жана карым-катнаштарды орус тилсиз жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, орус тили расмий тил катары сөзсүз калыш керек»,- дейт Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 1159