• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Садыр Жапаров өкмөтүнө жаңы кадрларды дайындады

14 Тогуздун айы 202010:27 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтарга жаңы кадрларды дайындоо башталганын айтты. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирет.

Премьер-министр Садыр Жапаров буйрукка кол койду, ага ылайык:

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович (1969-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министри милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

— Ниязбеков Уланбек Омоканович (1975-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

— Абдылдаев Сагынбек Токонович (1969-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды (финансы полициясы);

— Эгембердиев Аскат Раимжанович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды;

— Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Количество просмотров: 132