• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров Максат ажынын кармалышы тууралуу айтты

11 Бирдин айы 2021 22:31 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясына коомчулук арасында талкууланып жаткан актуалдуу маселелер боюнча маек куруп, муфтий Максат ажы Токтомушев жөнүндө айтты.

Анын айтымында, муфтияттын кассасын текшере келгенде ажылык сапар үчүн чогулган акчанын сегиз миллион долларга жакыны жетишсиз болуп чыккан.

«Каражат маселесинде чын эле мүчүлүштүктөр бар экен. 16 миллиондон 8 миллионго жакынын алып булар конвертация жасап, сомго башка банктарга киреше алуу максатында үстөк пайызга салышкан экен. Негизи бул ажылыктын акчасы ага тийбеш керек болчу да. Кайра аны пайда көргөнгө чейин доллар 15 пайызга чейин өсүп кетиптир. Алар пайда көрмөк түгүл, чыгым тартышкан. Чыгымы эле 700 миң доллардын тегереги болгон. Андан сырткары 155 миллион сомун былтыркы жылдын август айында бир фирмага бердик дейт, ал фирма алып бир партияга колдонуп салышат. Негизи муфтият бул акчаны эч жакка бербеш керек эле. Анан ал акча азыр да толук кайтарылбай турат. Бул жерде ажылыкка акча төккөн адамдар акчамды бер дешсе, жарым жарталайын берип, жарым жартылай бериле элек экен. Ошонун кесепетинен чачыранды акчаларды кайтара албай, бүгүн ушундай жаңжал чыгыпжатат»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 731