• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров менен Владимир Путин жолукту. Кайсы маселелер көтөрүлдү?

15 Аяк оона 2022 15:01 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да жогорку динамикасы менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи.

Ал Россия салттуу түрдө Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара сооданын олуттуу – өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өсүшү катталганын белгиледи.

«Инвестициялык долбоорлор, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ийгиликтүү жылып жатат. Бүгүнкү күндө Фонд 440 миллион долларга жакын 3200дөн ашык долбоорду жактырды», — деди ал.

Кыргыз-орус кызматташтыгынын дагы бир приоритеттүү багыты гуманитардык тармак экенин белгилеп, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын аймагында орус тилинде окутуулар менен жалпы билим берүүчү мектептердин курулушунун башталышы күтүлүп жатканын кошумчалады,

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу кыргыз-орус көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого жана эки тараптуу күн тартибинде турган маселелерди иш жүзүндө ишке ашырууга көмөктөшөөрүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин Россия менен Кыргызстан жакын өлкөлөр, стратегиялык өнөктөштөр жана бир катар регионалдык уюмдардын алкагында биргелешип иш алып барган союздаштар экенин белгиледи.

«Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкаларлык болсо, быйыл көлөмү өсүүдө жана абдан жакшы темпте. Өткөн жылы ал 46,6% өскөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч», — деди ал.

Владимир Путин орус тарап Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын жана өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктарды жоюу жаатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Ал ушул жылдын июлунда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасына өрт өчүрүүчү жана тик учак техникаларын жеткирүү боюнча токтомуна кол коюлганын, бул максаттарга орус бюджетинен дээрлик 1,5 миллиард рубль бөлүнгөнүн билдирди.

Владимир Путин ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурду.

Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары биргелешкен күн тартибин мазмундуу толтуруу үчүн ар кандай багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Количество просмотров: 645