• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров Моңголиянын жаңы президентин куттуктады

25 Кулжа 2021 17:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурэлсухту Монголиянын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Сиздин бай тажрыйбаңыз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз монгол элинен чексиз колдоо таап, дүйнөлүк коомчулуктун татыктуу сыйлоосуна жана урматына ээ болдуңуз. Сиз терең билимиңиз жана саясий тажрыйбаңыз менен Монголиянын өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө өз салымыңызды кошосуз деп терең ишенем. Кыргыз-монгол эки тараптуу байланыштарын тереңдетүү үчүн бизде бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Кыргыз Республикасы Монголия менен достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар деп баса белгилейм”, — деп айтылат куттуктоо-телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурэлсухка чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишине албан ийгиликтерди, ал эми ынак достук мамиледеги Монголия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Количество просмотров: 127