• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барат

10 Бугу 2021 16:51 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын май айынын аягында президент Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барат. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө маалымдалат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-майда, россия тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашты. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат. Тараптар ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушат», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде Россия вакцинасын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү талкуулашат.

Количество просмотров: 150