• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Садыр Жапаров: Муфтийди мага десе башка планетадан алып келип коюп алышсын

13 Бирдин айы 2021 23:45 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда,  «Кабар» маалымат агенттигине маек берди. Агенттик Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына Жапаров өз кишисин коюуга кызыкдар деген пикирлер айтылып жатканы боюнча суроо узаткан.

«Кудай өзү көрүп турат. Мен үчүн муфтийди мага десе башка планетадан алып келип коюп алышсын. Эң негизгиси, элибизди туура жолдон адаштырбаган, салттуу динибизди үйрөткөн муфтий болсо болду. Эмне муфтий кылып өз кишиңди коюп алсаң эле Кыргызстандын проблемасы чечилип калмак беле? Мен да уктум. Айрым тырмакчадагы досторум айтып жатышат. Ажылык уюштурууда көп акча чогулат. Ошол акчага кызыгып, муфтий алмаштырганы жатышат деп. Бирөөгө арам ойду таңуулагандан мурда Кудайды эске алып коюшса жакшы болот. Кудай уруп кетет. Ажылыктан акча жегендер таш эле жесин. Эптеп ажылыкка барып келейин деп көптөгөн жылдар бою чогулткан карапайым элдин акчасын жегенден уялыш керек. Ажылыктын акчасына кызыгып атат дегендер өздөрү 100 пайыз ошондой адамдар. Ошол үчүн башканы да ошентип ойлошот»,-деп билдирген Жапаров.

Количество просмотров: 15636