Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министрликке Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп, курамын, структурасын бекитип беришти. Жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.
Жаңы өкмөт башчы ошол эле жерде маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Жапаров буга чейин өкмөттүн курамы өзгөрбөйт деп билдирген. Бирок кийинчирээк вице-премьер-министр Асрандиев Эркин Шамшудинович кызматтан өзү оозеки баш тартканы белгилүү болду. Ошондой эле, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да өкмөттүн курамына кирбегени маалым болду.