• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

6 Бирдин айы 2023 15:51 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга өлкөдө көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, Түркия жана Сирияда очогунда күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир катар имараттар кыйраган. Курмандыктар бар.

Количество просмотров: 78