• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Садыр Жапаров ТМУ мамлекеттеринин лидерлери менен бейформал сый тамакка катышты

11 Жетинин айы 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 10-ноябрда, “Түбөлүк шаар” комплексинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) келген мамлекет башчылары менен бирге сый тамакка катышты.

Жогорку даражалуу меймандар үчүн Өзбекстан Республикасынын президентинин атынан расмий кече жасалды.

Түрк элдеринин маданий ар түрдүүлүгүнө арналган концерт болду.

Программада түрк географиясынын салттуу маданияты менен музыкасын чагылдырган номерлер камтылды.

Количество просмотров: 80