• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаров ТМУ саммитине катышуу үчүн Түркиянын президенттик комплексине келди

16 Жалган куран 2023 17:15 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-мартта, Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынына катышуу үчүн Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы президенттик комплексине келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттик комплекске иш-чарага катышуу үчүн келген лидерлерди жана делегациялардын башчыларын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тосуп алды.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери жолугушуу залына өтүштү.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”.

Иш-чарада табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелери талкууланат.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын башчылары катышууда.

Саммиттин ишине Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы жана Венгриянын премьер-министри ТМУда байкоочу статусуна ээ өлкөлөр катары катышууда.

Количество просмотров: 96