• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Садыр Жапаров той берген аткаминерлерди сындады

28 Бештин айы 202216:58 Бишкек Govori.TV

Аткаминерлер элге үлгү болгондун ордуна ашыкча чыгым жасап келген фактылар бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүнкү жыйында билдирди.

Жапаров аткаминерлерди ысырапкорлук кылып 500-100 киши чакырып той бербей, элге үлгү болууга чакырды.

«Бул маселеге да көңүлүңүздөрдү бургум келет. Элден талап кылардан мурда аткаминерлер өздөрү үлгү болушу керек. Бизде той десе эле 500-1000 кишини чакырып, дүңгүрөгөн тойлорду беришет. Аларды көргөн карапайым калк акчасы жок болсо да намыс үчүн деп той берип, силерди ээрчип жатат», — деди Жапаров.

Президент ысырапкорлукка каршы күрөш улантыларын кошумчалады.

Количество просмотров: 226