• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Садыр Жапаров Виктор Орбанга куттуктоо катын жолдоду

18 Бугу 2022 12:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Виктор Орбанды Венгриянын премьер-министри кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сизди Венгриянын премьер-министри болуп кайра шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул жооптуу мамлекеттик кызматта Сизге зор ийгиликтерди каалайм. Быйыл Кыргызстан менен Венгрия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатат. Кыргыз Республикасы Венгрия менен мамлекеттер аралык мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк нугунда чыңдоого умтулат деп ырастайм. Биз бардык чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз», — деп айтылат куттуктоо катында.

Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанга чың ден соолук жана бакубаттык, ал эми боордош Венгрия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Количество просмотров: 51