• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Садыр Жапаров Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун элесин эскерди

15 Аяк оона 20229:05 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын биринчи президенти Ислам Каримовдун элесин эскерди.

Садыр Жапаров Самарканд шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 22-жыйынына катышуу үчүн келип, Ислам Каримовдун күмбөзү жайгашкан “Хазрати Хизр” комплексине барды. 

Мамлекет башчысы Өзбекстандын биринчи Президентинин мүрзөсүнө гүл коюп, куран окулду.

Хазрат Хизр мечити ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Самарканддагы уникалдуу байыркы эстелик болуп саналат. 2016-жылы мечиттин жанына Ислам Каримовдун сөөгү коюлган.

Количество просмотров: 111