Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда иш сапары менен Тажикстан Республикасына барды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарындагы эл аралык аэропортуна конуп, аны траптан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.
Аэропорттун флагштокторунда мамлекеттик туулар илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ЖККУнун жамаатытк коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышат.