• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Садыр Жапаровду Тажикстанда кандай тосуп алышты? (Сүрөт)

28 Кулжа 202121:11 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасынын борбору Дүйшөмбү шаарына барды.

Эл аралык аэропорттон Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилген.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Количество просмотров: 189