• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Садыр Жапаровдун үйүнүн баасы арзандатылып, кайра сатыкка коюлду

21 Үчтүн айы 2022 15:54 Бишкек Govori.TV

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК Бишкек шаары Кудайбергенов көчөсү, 81а дарегинде жайгашкан турак-жайды сатуу боюнча жарнаманы жаңыртты. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка караганда, сатуу 2022-жылы 22-февралда саат 10:00дө өтөт. Турак-жайдын баштапкы баасы 28 млн 46 миң 800 сом. Алдын ала аукцион өткөрүлүүчү жер — Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 228.

Эске салсак, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров өзү жашап келген турак жайдын документтерин «Мамлекеттик ипотекалык компанияга» тапшырган эле. Аталган турак жайга 24-декабрда 33 млн 700 миң сомго аукцион жарыяланган.

Количество просмотров: 1111