• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйыны өтөт

14 Теке 20229:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында эртең, 14-июлда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулат.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

Министрлер кабинетинин жыйыны УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Эфир 10:00дө башталат.

Количество просмотров: 159