• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сахалинде үч киши каза болуп алардын экөөсү кыргызстандык болгон

20 Баш оона 2018 21:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.08.2018.Govori.TV.
19-августта Сахалиндин Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, анда иштеп жаткан үч киши каза болду. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсык болгон учурда имаратта 10 мигрант иштеп жаткан. Алардын экөө аман калып, дагы бешөө уранды алдынан тирүү табылып, ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгондордун экөө Кыргызстандын, бири Тажикстандын жараны экени аныкталды.
Уранды алдында калган тажикстандык жарандын сөөгү кырсык болгон күнү эле табылган. Ал эми эки кыргызстандык жарандын сөөктөрү бир күндөн кийин, 20-августта табылды.
«Ушул тапта сөөктү таануу иштери жүрүп жатат. 1995-96-жылдары туулган балдар экен. Эртең сөөктү Сахалинге алып барып, экспертизадан өткөргөндөн кийин Кыргызстанга жиберилет. Каражат топтоо иштери башталды»,- деди издөө иштерине катышкан Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшим Төлбаев.

 

Булак: Аzattyk

Количество просмотров: 23