• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Саясатчы, Э.Каптагаев: «Азыр чоң салтанат кылып Атамбаевге наам тапшыруунун өзү натуура болот, элдин назарына, коомдогу пикирге каршы иш болот»

18 Аяк оона 2018 15:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.09.2018.Govori.TV.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Ак шумкарды» тапшыруу демилгеси  боюнча саясатчы, Эмилбек Каптагаев   өз пикирин билдирди.
«Атамбаевке «Ак шумкарды» тапшыруу жөнүндө сөз кайра-кайра көтөрүлүп калды…Пикир айтууга туура келип турат… Туура, былтыр шайлоодон кийин кызматка киришип жатып Президент Сооронбай Жээнбеков ошол учурдун маанайы менен, өз көңүлүнүн оболоп учуп турган шартында айтып алды — Атамбаевке баатырлык наам берем деп, анан сөзүнө туруп тиешелүү жарлыкка кол койду. Ошол учурда элдин маанайы деле ошондой болчу, кантсе дагы 6 жыл башкарды, жамандыр-жакшыдыр бир топ иш аткарылгандай болду, анан минтип шайлоо жолу менен бийликти өткөрүп жатат, мейли баатыр болсо баатыр болсунчу дегендей. Бирок андан бери кырдаал өзгөрүп кетти, болгондо да түп тамырынан бери өзгөрдү… Атамбаевдин жанында жүрүп, ага арка-бел болгон кызматкерлер дээрлик баары коррупциядан шектелип камалып отурат, сырт жактан насыяга деп алынып келген акча-каражаттары уурдалды деген, шылуундардын кесепетинен Кыргызстан белчесинен карызга батып, ал карыздарды төлөө эбегейсиз оор жүк болот деген сөздөр айтыла баштады, анын үстүнө Бишкек ТЭЦи менен тарых музейинен башка дагы ири иштер болгон Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун, Датка-Кемин электр чубалгысынын, Кемин электр чордонунун курулушуна жумшалган каражаттарды да текшерүү зарылчылыгы чыгып турат азыр… Ошондуктан азыр чоң салтанат кылып Атамбаевге наам тапшыруунун өзү натуура болот, элдин назарына, коомдогу пикирге каршы иш болот. Наамды тапшыруу ишин коррупция менен камалгандардын тергөө иштери аяктап, соттүк процесстер бүркөнчө токтотуу зарыл. Ошондой эле бул мезгилде башка иштер да тыкыр териштирилип бүтүүсү керек. Ошондой эле Атамбаевдин заманында саясий куугунтук иретинде камалгандардын иштери да кайра каралып бүтүшү абзел, күнөөсүздөр бошотулсун. Мына ошолордун жыйынтыгы менен Атамбаевдин өзүнө көлөкө түшүрө турган фактылар жок болсо, кыңыр иштерге катыштыгы болбосо гана наамды тапшыруу меселеси көрөрүлгөнү оң. Болбосо «ак чөп башта» деп туруп эле жарлыкты жокко чыгаруудан башка айла жок»,-дейт Каптагаев.

Количество просмотров: 11