• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сайдулла Нышанов “Ата-Мекен” фракциясынын лидери болду

30 Жалган куран 2021 15:33 Бишкек Govori.TV

Депутат Сайдулла Нышанов “Ата-Мекен” фракциясынын лидери болуп шайланды. Маалыматты Govori.TVга Нышанов өзү тастыктады.

«Бүгүн, 30-мартта фракциянын жыйыны болду. Анда лидерликке менин талапкерлигим сунушталып, колдоо тапты»,-деди Нышанов.

Эске салсак, депутат Сайдулла Нышанов ушул жылдын 4-февралында “Ата Мекен” партиясынын курамынан чыкканын айтып, бирок фракцияда депутаттык ишмердүүлүгүн уланта тургандыгын билдирген.

Сайдулла Нышанов 1966-жылдын 20-январында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылында туулган. Жогорку билимдүү. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун жана Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1993 — жеке ишкер
  • 2005-2007 — III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты. 
  • 2006-2007 — Жогорку Кеңештин Климаттык шарттары оор, бийик тоолуу, алыскы аймактар жана райондор маселелери боюнча комиссиясынын жетекчиси
  • 2010-2012 — «Петрол Групп» ЖЧКсынын тышкы башкаруучусу
  • 2012-жылдын июнунда «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы
  • 2015-жылы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен барып, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Количество просмотров: 77