• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Ата Мекен» фракциясы лидерине ишенбөөчүлүк көрсөттү. Нышанов эмне дейт?

21 Кулжа 2021 18:47 Бишкек Govori.TV

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы өзүнүн лидери, депутат Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Маалыматты Govori.TVга аталган фракциясынын лидери Сайдулла Нышанов өзү тастыктады.

Анын айтымында, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө депутаттардын добушу жеткен жок.

«Ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн сегиз добуш болушу керек. Алты депутат добуш берди. Бир добуш ишеним кат аркылуу берилди. Мага ишеним көрсөтпөөгө кызыкдар тарап көп. Анткени Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер көрсөтүлүп жатат. Көпчүлүгүнүн ошол жака өтүүгө ойлору бар экен. Реалдуу болуш үчүн бирөөсүн дагы колдогон жокмун. Мени киришип өткөрүп коет деп ойлоп жатышса керек. Ошол себептүү мага карата нааразычылыктар болду. Негизи мыйзам боюнча, БШКнын мүчөлүгүнө көрсөтүлө турган адам шайлоо кодекстерин жакшы билиши керек да»,-деди Нышанов.

Количество просмотров: 169