• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сайдулла Нышанов: Мага ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө добуш жеткен эмес

23 Кулжа 2021 11:55 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов аны “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигинен алуу тууралуу чечим мыйзамсыз экенин бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Нышанов аны лидерликтен кетирүү мыйзамсыз болгонун билдирип, парламенттин юридикалык бөлүмүн жагдайга көңүл бурууга чакырды. Ал фракция башчылыктан кетирүү үчүн мыйзамга ылайык сегиз добуш керек деп эсептейт.

«Мыйзамды сыйлашыбыз керек. Юридикалык бөлүм мага бул боюнча жыйынтык берип койсо туура болот», — деди ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин расмий сайтына “Ата Мекен” фракциясынын лидери болуп депутат Шералы Абдылдаев шайланганы тууралуу маалымат чыгып, кийинчерээк өчүрүлдү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы “Ата Мекендин” лидерин шайлоо боюнча фракция чечиминде талаштуу жагдай жаралганын билдирген.


Количество просмотров: 276