Саламаттык сактоо министрлигинин дагы бир кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, ал коронавирус жуктурган тууганы менен байланышта болгон. Учурда оору аныкталган кызматкер ооруканада.
“Илдет кызматкерди байланышкан адам катары текшерүүгө алганда аныкталып, анализ оң жыйынтык көрсөткөн”, — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1845 адамга жетти.