• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Салянованын кызы апасын көрө албай чыркырап ыйлады

5 Кулжа 201920:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.06.2019.Govori.TV.

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, ал 26-июнга чейин камакка алынды.

Соттун чечимин уккан тарапташтары чуу чыгарышты. Сотко кичинекей кызы алып келинген, бирок ал апасын көрө албай чыркырап ыйлады.

Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 3-июнда көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин имаратына алынып келип, 4-июндун түнүндө ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кечээ, 4-июнда, Салянованын баш коргоо чарасы каралары айтылып, бирок сот болбой калган.

Количество просмотров: 75